Эрдогандын "Кесилиш : Сен болгонуң үчүн кубанычтуумун Эрен" тасмасы тууралуу бөлүшүүсү

ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы да тасманы тартууга колдоо көрсөткөн Эрдоганга ыраазычылык билдирди.

1771949
Эрдогандын "Кесилиш : Сен болгонуң үчүн кубанычтуумун Эрен"  тасмасы тууралуу бөлүшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия телерадио корпорациясы биргелешип  чыгарган "Кесилиш : Сен болгонуң үчүн кубанычтуумун Эрен" тасмасындагы "Хейамо" ырын "Сен болгонуң үчүн кубанычтуумун Эрен" деген билдирүү менен бөлүштү. 

Эрдоган соцтармактан Жерен Эже Өксүз ырды аткарып жаткандагы көрүнүштөрү менен Трабзондун Мачка районунда 2017 -  жыл 11 -  августта террористтер менен каарман Мехметчик кирген кагылышууда шейит болгон Эрен Бүлбүлдүн фотографиясын "Сен болгонуң үчүн кубанычтуумун Эрен" деген билдирүү менен жарыялады. 

Президент Эрдогандын "Кесилиш: Сен болгонуң үчүн кубанычтуумун Эрен"  тасмасы тууралуу баа берүүсү боюнча соцтармактан билдирүү жарыялаган ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы да : "Тасманы тартууда колдоо берген  урматтуу президентибизге, музыкасы менен дем алдырган Жерен кызыбызга, залдарды толтурган миллиондогон адамдарга жана салым кошкондордун баарына ыраазычылыгымды билдирем",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар