Эрдоган:«Түркияны дүйнөнүн алдыңкы өндүрүш жана экспорт борборлорунун бирине айландыруудабыз»

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада Түркиянын Жаш ишкерлер конфедерациясынын (TÜGİK) Башкы ассамблеясында сөз сүйлөдү.

1772393
Эрдоган:«Түркияны дүйнөнүн алдыңкы өндүрүш жана экспорт борборлорунун бирине айландыруудабыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, кечээ өткөрүлгөн «Кыш Бүркүтү» операциясына байланыштуу:«Буталарды 3 башка жерде бомбаладык, террористтер өздөрүнө кача турган тешик да таба албай калышты»,-деди.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада Түркиянын Жаш ишкерлер конфедерациясынын (TÜGİK) Башкы ассамблеясында сөз сүйлөдү.

Президент, Ирак жана Сириянын түндүгүндө террористтер тарабынан база катары колдонулган Дерик, Синжар жана Каражак аймактарындагы террористтердин уяларына карата кечээ абадан жүргүзүлгөн «Кыш бүркүтү» операциясы тууралуу: «Кечээ кечинде террордук уюм ПККга каршы «Кыш бүркүтү» операциясын уюштурдук. Буталарды 3 башка жерде бомбаладык, террористтер өздөрүнө кача турган тешик да таба албай калышты. Биз террористтерди чек аранын ары жагында талкалабаганда, шаарлардын тынчтыгын камсыз кылбаганда бүгүн бул жерде болмок эмеспиз»,-деди.

«Түркияны өзүнүн модели, күчү жана программасы менен дүйнөнүн алдыңкы 10 экономикасынын бири кылуу процессиндебиз»,-деп айткан Эрдоган: «2023-жылдын (Республиканын 100 жылдыгы) босогосунда турабыз жана Түркияны дүйнөнүн алдыңкы өндүрүш жана экспорт борборлорунун бирине айландыруу процессиндебиз»,-деди.

Режеп Таййип Эрдоган: «2021-жылды 225 миллиарддан доллардан ашкан тарыхыбыздагы эң жогорку экспорт  менен жаптык. Бул жылы экспортубузду дагы да жогорулатабыз. Үстүбүздөгү жылдын январь айында 17,6 миллиард долларлык экспорт ишке ашты. Түркия азыр дүйнөнүн алдыңкы өндүрүш базаларынын бири»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар