Эрдоган эртең Украинага барат

Эрдоган, Түркия менен Украинанын ортосундагы Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңештин онунчу жыйынына катышат.

1772394
Эрдоган эртең Украинага барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин чакыруусу боюнча Түркия менен Украинанын ортосундагы Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңештин онунчу жыйынына катышуу эртең Украинага барат.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, борбор шаар Киевде тиешелүү министрлердин катышуусунда боло турган кеңештин жыйынынын алкагындагы жолугушууларда стратегиялык өнөктөштүк деңгээлиндеги Түркия-Украина карым-катнаштары бардык багытта каралып, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланат.

Жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштар менен катар аймактык жана эл аралык маселелер боюнча да пикир алмашуу болот.

Ошондой эле Кеңештин жыйынынан улам эки тараптуу мамилелердин келишимдик негиздерине олуттуу салым кошо турган түрдүү келишимдерге жана өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюулмакчы.



Тектеш кабарлар