Армия генералы Яшар Гүлер катарлык кесиптеши менен жолугушту

Жолугушууда аскердик тармактагы эки тараптуу карым-катнаштар, ошондой эле аймактык жана эл аралык маселелер тууралуу пикир алмашылды.

1772251
Армия генералы Яшар Гүлер катарлык кесиптеши менен жолугушту

Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер Катардын Башкы штабынын төрагасы генерал-лейтенант Салим бин Хамед бин Мухаммед бин Акил эн-Набитти кабыл алды.

Генерал Гүлер катарлык кесиптешин Башкы штабда аскердик азем менен тосуп алды.

Аземден кийин генерал Гүлер жана генерал-лейтенант Эн-Набит Башкы штабдын башкы кеңсесиндеги жолугушууларга барышты.

Жолугушууда аскердик тармактагы эки тараптуу карым-катнаштар, ошондой эле аймактык жана эл аралык маселелер тууралуу пикир алмашылды.



Тектеш кабарлар