Түркия-Армения багыты боюнча каттамдар кайра башталат

Түркия менен Армениянын өкүлдөрүнүн кыска убакыт мурун өткөргөн жолугушууларынын жыйынтыгында өз ара каттамдарды баштоо чечими кабыл алынды.

1770887
Түркия-Армения багыты боюнча каттамдар кайра башталат

Түркия менен Армениянын ортосундагы аба каттамдары 2-февралдан тарта жанданат.

1993-жылдан бери чек аралары жабык болгон Түркия менен Армениянын ортосундагы чыңалуудан улам жалгыз учак менен каттамдар аткарылып келди. Эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдары Atlasjet тарабынан уюштурулган каттам менен камсыз болгон. Финансылык көйгөйлөрдөн улам компания банкротко учурагандыктан 2020-жылдан бери каттамдар жасала элек.

Түркия менен Армениянын өкүлдөрүнүн кыска убакыт мурун өткөргөн жолугушууларынын жыйынтыгында өз ара каттамдарды баштоо чечими кабыл алынды.

Түркия менен Армениянын ортосунда түз каттамдардын башталышы үчүн Түркиядан Pegasus фирмасы жана Армениядан FlyOne фирмасы эки өлкөнүн жарандык авиация мекемелерине кайрылышты.

Түркиянын Pegasus Airlines менен Армениянын FlyOne компаниясы 2-февралдан тарта Стамбул-Ереван каттамдарын ишке ашырат.

Пегасус дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү Стамбулдун «Сабиха Гөкчен» аэропортунан Ереван аэропортуна, шейшемби, жума жана жекшемби күндөрү Ереван аэропортунан «Сабиха Гөкчен» аэропортуна каттамдарды аткарат.

FlyOne болсо дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү Еревандан Стамбул аэропортуна каттамдарды аткарат.



Тектеш кабарлар