Исмаил Демир 2022-жыл үчүн максаттарын жарыялады

Исмаил Демир борбор шаар Анкарада HAVELSAN (Hava Elektronik Sanayii) кеңсесинде ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

1771145
Исмаил Демир 2022-жыл үчүн максаттарын жарыялады

Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын башчысы Исмаил Демир 2022-жылдын жаңы системалар коопсуздук күчтөрүнө жеткириле турган жана муктаждыктарга жараша жаңы долбоорлор баштала турган жыл болорун айтты.

Исмаил Демир борбор шаар Анкарада HAVELSAN (Hava Elektronik Sanayii) кеңсесинде ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

2022-жылдын коопсуздук күчтөрүнө жаңы системалар жеткириле турган жана муктаждыктарга жараша жаңы долбоорлор баштала турган жыл болорун белгилеген Демир: «Оригиналдуу тик учагыбыз Гөкбейдин алгачкы жеткирүүлөрүн Жандармериянын башкы командирлигине жасайбыз. Реактивдүү машыгуу жана жеңил чабуулчу учак Хүржет ангардан чыгарылат жана жер үстүндөгү сыноолор башталат. Бойга кичи учкучсуз учуучу аппараты биринчи жолу колдонулат. Кыска учуу тилкеси бар кемелерге коно жана уча ала турган Байрактар ​​TB3 куралдуу учкучсуз учуучу аппарат (SİHA) биринчи учуусун жасайт. Акыркы A400M учагынын жеткирилиши менен 10 учактан турган A400M флотубуз толукталат»,- деди.

Гөкдениз жакын абадан коргонуу системасынын Стамбул фрегатына интеграциялана турганын баса белгилеген Демир:«Сунгур портативдик абадан коргонуу ракеталарынын алгачкы жеткирүүлөрүн жасайбыз. Караок ракетабыз биринчи жолу инвентаризацияга кирет»,-деп айтты.

Түрк тибиндеги чабуулчу кайык проектисинин (TTHB) алкагында прототип кеменин курулуш процессин баштай тургандарын айткан Демир:«Көп максаттуу амфибиялык чабуулчу кемеси Анадолуга Байрактар ​​TB3 SİHAнын интеграциясын баштайбыз. Жаңы типтеги суу астынан жүрүүчү кайык долбоорунда биз 2-суу астындагы кайыкты бассейнге сүйрөйбүз. Жаңы капитансыз деңиз кемелеринин долбоорлорун баштайбыз. Сом жана Атмажа ракеталарында колдонула турган KTJ3200 Turbojet кыймылдаткычын жеткиребиз»,-деп айтты.

Электрондук согуш жана радар тармагында көптөгөн жаңы системалардын ишке кире турган жыл болушун күтүшкөндөрүн баса белгилеген Демир, F-16 согуштук учактарынын модернизация процесстерин ылдам улантуу үчүн долбоорлорду ишке ашырып жатышканын айтты.



Тектеш кабарлар