Татар: «Түркия ТКТРдеги жыргалчылыкты арттыруу аракетин колдойт»

Татар кечээ борбор шаар Анкарада вице-президент Фуат Октай менен жолугушту.

1770349
Татар: «Түркия ТКТРдеги жыргалчылыкты арттыруу аракетин колдойт»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар өлкөдөгү жыргалчылыкты арттыруу аракетинин Түркия Республикасы тарабынан ар дайымкыдай колдоого алынаарын айтты.

Татар кечээ борбор шаар Анкарада вице-президент Фуат Октай менен жолугушту.

Татар жолугушуудан кийин Кипр Түрк агенттиги (TAK) менен Байрак радио жана телекөрсөтүүсүнө (BRT) билдирүү жасап, жыйында 23-январда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына баа берилгенин билдирди.

Татар президент катары ант берүү аземинен кийин өкмөттү кура турган адамга ыйгарым укуктарды берерин түшүндүргөнүн айтты.

Октайдын туруктуу өкмөттүн түзүлүшү жана керектүү структуралык реформалар менен экономикалык чаралар жана демилгелердин ишке ашырылышын каалаганын билдиргенин белгилеген Татар: «Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы жыргалчылыкты жогорулатуу аракети Түркия тарабынан колдоого алынат»,-деди.

Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги абалдын кылдаттык менен байкалып жатканын баса белгилеген Татар Грециянын да, Кипрдин Рум башкаруучулугунун да таштаган кээ бир кадамдарынын ыңгайсыздыктарды жаратууну улантканын белгиледи.

Өткөн жумада жикчил террордук уюм ПКК/ПЙДнын Рум бөлүгүндө өкүлчүлүгүн ачуусуна уруксат берилгенден кийин сезилген ыңгайсыздыкка көңүл бурган Татар, Эгей аймагы жана Чыгыш Жер Ортолук деңизи аймагындагы абалдын маанилүүлүгүнө байланыштуу бул темаларда тынымсыз баа берээрин ырастагандарын баса белгиледи.

Марашка байланыштуу учурдагы саясаттын ушундай эле уланып жатканын белгилеген Татар, Бириккен Улуттар Уюмунун акыркы чечимине байланыштуу кээ бир жерлерде сезилген ыңгайсыздыктар жана айтылган билдирүүлөр боюнча кызыкдар тараптар менен кеңешилгенин Октай менен сүйлөшкөнүн айтты.

Түркиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин чечимдерине көңүл бурган Татар, эки мамлекеттүүлүк жана ал эмес Мараш маселеси боюнча Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жетекчилигинин чыгара турган чечимдерин Түркия колдой турганын белгиледи.

Ал жактаган эки мамлекеттүү саясатынын Түркия Республикасы тарабынан толугу менен колдоого алынганын баса белгилеген президент Татар, келе жаткан мезгилде Түркия менен дүйнөлүк коомдук пикирге бериле турган билдирүүлөр менен байланышты дагы да тереңдетүү жана бекемдөө үчүн таштала турган кадамдарга да баа беришкенин белгиледи.



Тектеш кабарлар