Чавушоглу климаттын өзгөрүшү Түркия менен Мальдив аралдарынын орток көйгөйлөрү экенине басым жасады

Чавушоглу расмий сапар менен барган Мальдив аралдарынын борбор шаары Маледе тышкы иштер министри Абдулла Шахид менен бирге маалымат жыйын өткөрдү.

1770454
Чавушоглу климаттын өзгөрүшү Түркия менен Мальдив аралдарынын орток көйгөйлөрү экенине басым жасады

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия менен Мальдив аралдарынын ортосунда биргелешкен экономикалык комиссия түзүлө турганын айтып: «Биз алдыдагы эки жылда соода көлөмүн 100 миллион долларга жеткирүүнү максат кылып жатабыз. Андан кийин жаңы максаттарды белгилей алабыз»,-деди.

Чавушоглу расмий сапар менен барган Мальдив аралдарынын борбор шаары Маледе тышкы иштер министри Абдулла Шахид менен бирге маалымат жыйын өткөрдү.

Министр Чавушоглу климаттын өзгөрүшүнүн Түркия менен Мальдив аралдарынын орток көйгөйлөрүнүн арасында экенине басым жасап, эки өлкөнүн бул темада кызматташуу келишимине кол койгонун баса белгиледи.

Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосунда кол коюлган келишимдердин бири соода-экономикалык кызматташтык тууралуу экенин белгилеген Мевлүт Чавушоглу: «Ушул алкакта Биргелешкен экономикалык комиссия түзүлөт. Бул механизм биздин экономикалык кызматташтыгыбызды тереңдетүү жана эки тараптуу соода көлөмүн көбөйтүү үчүн абдан пайдалуу механизм. (Биздин соода көлөмүбүз) 2021-жылы эки эсеге көбөйдү. Ал ошондой эле инвестицияларды арттыруу үчүн өтө маанилүү инфраструктураны түзөт. Түрк инвестицияларды көбөйтүү жогорку мааниге ээ.

Көптөгөн түрк фирмалары туризм тармагына инвестиция салууга өзгөчө кызыкдар. Бул жерде биз тажрыйбабыз менен бөлүшүү үчүн Коопсуздук Туризм сертификатын бөлүшүүгө убада беребиз. Бул биз үчүн абдан маанилүү тажрыйба болду. Алдыбыздагы эки жылда соода көлөмүбүздү 100 миллион долларга жеткирүүнү максат кылуудабыз»,-деди.

Түрк аба жолдорунун Мальдив аралдарынын туризм тармагына абдан маанилүү салым кошконун белгилеген Чавушоглу: «Аптасына 7ден 11ге чейин каттамдардын санын көбөйтүү каралып жатат. Бирок декабрь айында бул жыштык 11ден 14кө чейин көбөйтүлүшү мүмкүн. Ушул контекстте Түрк аба жолдоруна көрсөткөн колдооңуздар үчүн дагы бир жолу сиздерге ыраазычылык билдирем»,-деди.

Террор жана радикализм менен күрөшүүнүн эки тараптуу кызматташтыктын тармактарынын арасында болгонун белгилеген Чавушоглу бул тармактардын Түркия үчүн өтө маанилүү приоритет экенин белгиледи.

Түркиянын бул темаларда тажрыйбасын Мальдив аралдары менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирген Чавушоглу: «ФЕТӨ менен күрөшүүдө көрсөткөн колдооңуздар үчүн ыраазычылык билдирем. Бул террордук уюмга карата этият жана сергек болушуңуздарды суранам»,- деп айтты.

Мальдив аралдарынын тышкы иштер министри Абдулла Шахид да бүгүнкү сапардын эки тараптуу мамилелер үчүн өтө маанилүү орду бар экенин белгилеп: «дипломатиялык мамилелер 1979-жылы түзүлгөндөн бери Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мальдив аралдарына 4-ирет иш сапары менен барууда. Бул биздин достук мамилелерибиздин өтө маанилүү белгиси. Ушул алкакта эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелерибизди кеңейтүүнү максат кылуудабыз»,-деп айтты.

Шахид, Түркия менен бирге иштешүүнү уланта тургандарын баса белгилеп: «Мен бул мамиле бул аймактагы тынчтык жана коопсуздук үчүн өтө маанилүү салым кошот деп ишенем. Жакынкы жылдарда бул мамиле тереңдейт деген ишенимимди дагы бир жолу ырастагым келет»,-деди.



Тектеш кабарлар