Мальтадагы түрк шейиттигине зыян келтире турган долбоорго уруксат берилбеди

Мальта пландоо кеңеши Мальтадагы тарыхый түрк шейиттигине  жакын жерге курула турган көп кабаттуу өнөр жай гараж комплексинин долбооруна уруксат берген жок.

1769260
Мальтадагы түрк шейиттигине зыян келтире турган долбоорго уруксат берилбеди

Мальта пландоо кеңеши Мальтадагы тарыхый түрк шейиттигине  жакын жерге курула турган көп кабаттуу өнөр жай гараж комплексинин долбооруна уруксат берген жок.

Мальта пландоо кеңеши бүгүнкү жыйынында борбор шаар Валлеттага жакын Марса районунда Осмон империясынын падышасы Абдулазиздин буйругу менен 1874 - жылы курулган түрк шейиттигинин  жанындагы жерге курула турган өнөр жай объектисинин уруксат арызын талкуулады.

Пландоо кеңешинин веб - сайтында берилген ж жарыяда, кеңештин  долбоордун ээси Марк Кассар жана долбоордун архитектору Стивен Фарружиа тарабынан даярдалган өнөр жай объектисине уруксат берүү өтүнүчүн  добуш бирдиги менен четке каккандыгы билдирилди.

Times of Malta гезитинин кабарында шейиттик биринчи даражадагы корголуучу аймак болгондуктан жана анын жанына курула турган объект мындай аймакка жакын курула албай турганчалык чоң болгондуктан уруксат талабынын  четке кагылганы белгиленген.

Түркиянын Валлетта элчиси Керем Кыратлы Мальта бийлигинин эки өлкөнүн орток тарыхый жана маданий мурасы катары аныктаган шейиттиктин жанына мындай объектинин курулушуна уруксат бербегендигине ыраазычылыгын билдирди.

Элчи Кыратлы сөз болуп жаткан долбоорго Марса муниципалитетинин да каршы экенине көңүл буруп, Мальтанын архитекторлорунун бири Эмануэле Луиджи Гализиянын шедевринин Түркия менен Мальтанын ортосундагы түбөлүк достуктун белгиси болгон шейиттик экенин белгиледи.

Кыратлы  көп жылдардан бери тарыхый шейиттикти изилдеген жана аралдагы белгилүү Мальта университетинин профессору Конрад Такеге сөз болуп жаткан долбоорго уруксаттын чыкпашы үчүн кылган  аракетинен улам ыраазычылык билдирди.

 



Тектеш кабарлар