Ландрут: «Бажы биримдигин жаңылоо эки тарапка тең пайдалуу»

Европа Биримдигинин (ЕБ) Түркия боюнча делегациясынын башчысы, элчи Николаус Мейер-Ландрут Анкарадагы жолугушууларынын алкагында сөз сүйлөдү.

1768751
Ландрут: «Бажы биримдигин жаңылоо эки тарапка тең пайдалуу»

Европа Биримдигинин (ЕБ) Түркия боюнча делегациясынын башчысы, элчи Николаус Мейер-Ландрут: «Бажы биримдигинин жаңыланышы эки тарап үчүн тең чоң потенциалга ээ дегенге кошулабыз деп айта кетейин. Бул эки тарап үчүн тең пайдалуу»,-деди.

Мейер-Ландрут борбор калаа Анкарада сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын 2021-жылдын октябрь айында Париж Климат келишимин ратификациялаганын жана мунун канагаттандыруучу экенин белгилеп: «Түркия айрыкча 2053-жылга карата көмүр кычкыл газын чыгарууну нөлгө түшүрүү максатын жарыялады. Кылымдын ортосуна чейин мындайча айтканда 2050-53-жылга чейин нөл көмүр кычкыл газы боюнча макулдаштык деп айта алам. Эч кандай чоң айырма жок»,-деди.

Париж Климат Келишиминин негизинде Түркия менен Европа Биримдигинин көмүр кычкыл газын азайтуу карым-катнаштарына токтолгон Мейер-Ландрут: «Түркия менен болгон мамилебизде бул эмне үчүн маанилүү. Анткени Түркия менен ЕБ маанилүү экономикалык өнөктөштөр. Бажы биримдиги аркылуу Түркия менен ЕБ ортосундагы соода көлөмү акыркы 25 жылда 4 эседен ашык өстү»,- деди.

Мейер-Ландрут Түркия менен Евробиримдиктин ортосундагы Бажы биримдигин жаңылоо боюнча төмөнкүлөрдү белгиледи: «Бажы биримдигинин жаңылануусу эки тарап үчүн тең олуттуу потенциалга ээ экендигине макул экенибизди айта кетейин. Бул эки тарап үчүн тең пайдалуу. Түрк бийлиги менен Евробиримдик комиссиясынын ортосундагы техникалык сүйлөшүүлөр өткөн жылдын жайынан бери уланып жатканына кубанычтамын.

Алар (сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан расмий адамдар) учурдагы соода башаламандыктарын өзгөчө чечиши керек. Бул иш жаңылануу сүйлөшүүлөрүнө кирүү үчүн жетиштүү прогресске алып келет деп үмүттөнөм. Ушундан улам Түркия Европанын көптөгөн тармактарда нарк чынжырынын маанилүү бөлүгү болуп саналат»,-деп айтты.

Мейер-Ландрут Түркиянын Европа Биримдигинин эң чоң 6-соода өнөктөшү экенин жана экономикалык байланыштардын карым-катнаштардын негизи экенине көңүл буруп: «Бул биздин экономикалык өз ара көз карандылыгыбыздын күчтөнгөнүн, эки өлкөнүн экономикасы менен коомунун ортосундагы байланыштар чыңдалып баратканын ачык көрсөтүп турат»,-деп айтты.

Мейер-Ландрут Түркия менен Европа Биримдигинин бул абалдан улам климат саясатында бирге болушунун зарылчылык экенине көңүл буруп,эки тараптын жалпы нарк чынжырларынын жана Бажы биримдигинин ишке ашырууларынын алкагында бул зарылчылыктын эки тарап үчүн тең «табигый жана качылгыс процесс» экенин айтты.



Тектеш кабарлар