Ички иштер министри Сүлейман Сойлу немис кесиптеши менен сүйлөштү

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Сойлу немис кесиптешин жаңы дайындалган кызматы менен куттуктады.

1768610
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу  немис кесиптеши менен сүйлөштү

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Германия Федеративдүү Республикасынын ички иштер жана мекен министри Нэнси Фазер менен видеоконференция аркылуу сүйлөштү.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Сойлу немис кесиптешин жаңы дайындалган кызматы менен куттуктады.

Сойлу эки өлкөнүн ички иштер министрликтеринин ортосундагы эффективдүү жана конструктивдүү кызматташтык жана диалог механизминин, өзгөчө коопсуздук жана террор менен күрөшүү темасында алдыдагы мезгилде дагы күчтүү байланыштар жана өнөктөштүк менен кеңейтилишин каалагандыгын айтты.

Сүйлөшүүдө, мыйзамсыз миграция менен күрөшүү, 18 - март келишими (Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда 2016 - жылы мигранттар боюнча кол коюлган), Афганистандагы акыркы абал, терроризм менен күрөшүү жана учурдагы окуялар талкууланды.



Тектеш кабарлар