Пашиняндан Түркия тууралуу билдирүү
Армениянын премьер - министри Никол Пашинян : «Анталияда өтүүчү Дипломатия форумга Армениянын катышуу ыктымалдыгы жогору»,-деди. деди.
Армениянын премьер - министри Никол Пашинян : «Анталияда өтүүчү Дипломатия форумга Армениянын катышуу ыктымалдыгы жогору»,-деди. деди.
Никол Пашинян фейсбукта жарыяланган маалымат жыйынында өлкөсүнүн Түркия жана Азербайжан менен болгон карым-катнаштарына баа берди.
Пашинян : «Мындай келишимге кол коюу керек, бирок биринчи кезекте бул документ сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында түзүлүшү керек. Армения бул сүйлөшүүлөргө даяр»,- деди.
Пашинян Түркия менен да карым-катнаштарын нормалдаштырууну каалагандарын баса белгилеп : «Биз Түркия менен эч кандай шарт койбостон дипломатиялык карым - катнаштарды түзүүнү жана чек араларды ачууну каалайбыз. Өткөн күндөрдө ийгиликтүү боло алган жокпуз жана бул тажрыйбаны колдонушубуз керек»,- деди.
Түркия менен Армениянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн атайын өкүлдөр деңгээлинде башталганын эске салган Пашинян : «Атайын өкүлдөрүбүз жолугушту. Бул процесс ушундай улана берсе, Армениянын Анталиядагы Дипломатиялык форумга катышуу ыктымалдыгы жогору. Сүйлөшүүнү улантуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоо керек»,- деди.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 19 -январдагы билдирүүсүндө 11 – 13 - мартта боло турган экинчи Анталья дипломатия форумуна (ADF) Армениядан да жооптуу кызматкерледин чакырылганын айткан.