Эрдогандын жетекчилигинде форум өтөт

АК Партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик билдирүү жасады.

1767638
Эрдогандын жетекчилигинде форум өтөт

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасынын орун басары жана партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик, президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде жакынкы келечекте метаверс (виртуалдык аалам) форумунун өткөрүлөрүн билдирди.

Челик партиянын башкы кеңсесинде Эрдогандын жетекчилигинде Борбордук Аткаруу Кеңешинин (MYK) жыйналышы уланып жатканда билдирүү жасады.

Жыйындын башында президент Эрдогандын кеңири баа бергенин белгилеген Челик, жыйында ички жана тышкы саясатка байланыштуу жагдайлардын да кеңири каралганын айтты.

Челик жыйналыштын көпчүлүк бөлүгүндө АК партиянын маалымат жана байланыш технологиялары боюнча төрагасынын орун басары Өмер Илердин технологиялык өнүгүүлөр тууралуу баяндама жасаганын белгиледи.

Баяндаманын алкагында Борбордук Аткаруу Кеңешинин жыйынында санариптик саясат жана метаверс технологиясы кеңири талкууланганын баса белгилеген Челик, жакынкы келечекте президент Эрдогандын жетекчилигинде бул темада форум өткөрүлөрүн айтты.



Тектеш кабарлар