Сальвадордун президенти Наиб Букеле ТУСАШка барды
ТУСАШтын башкы директору Темел Котил твиттер эсебинен Букеленин сапары тууралуу маалымат берди.
Сальвадордун президенти Наиб Букеле түрк авиация жана космостук өнөр жайы ТУСАШка барды.
ТУСАШтын башкы директору Темел Котил твиттер эсебинен Букеленин сапары тууралуу маалымат берди.
Наиб Букелени мекемеде коноктогону үчүн сыймыктанышкандарын белгилеген Котил : «Биз авиациялык жана космостук мүмкүнчүлүктөрүбүз менен кызматташууга даяр экенибизди билдирип, спутниктер тармагында кызматташуу келишимибизди жакшы баштадык»,- деди.
Бир тараптан тамашалуу билдирүүлөрү менен көңүлдөрдү бурган Сальвадордун президенти Букеле Котилдин бул билдирүүсүн retweet кылып буларды айтты : «Мени Түркиянын космостук базасы уурдап кетти, АКШнын президенти башта болгон баарын аракетке өткөргүлө!»
Тектеш кабарлар
«Seven Seas Voyager» Антальяда
"Seven Seas Voyager" круизинин кийинки багытынын Санторини порту болоору маалымдалды.