Кападокиядагы шар турлары
Кападокиянын символдорунун бири болгон ысык аба шарлары дүйнөнүн булуң-бурчунан конокторду тартууну улантууда.
Түркияда табигый тоо тектери менен капталган өрөөндөргө ээ Невшехирдин маанилүү туризм аймагы болгон Кападокияда өткөн жылы 388 миң 833 турист ысык аба шары турларына катышты.
Тарыхый, маданий жана табигый кооздуктары менен 1985-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине кирген Кападокиянын символдорунун бири болгон ысык аба шарлары дүйнөнүн булуң-бурчунан конокторду тартууну улантууда.
Социалдык медианын жайылуусу менен арткан кызыгуудан улам аймактын маанилүү туризм локомотивдеринин бири болгон Кападокиядагы шар турларына 2021-жылы 388 миң турист катышты. Кападокия дүйнөдө шар турлары боюнча борбор абалында.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинен террористтерге каршы күрөшүү тууралуу маалымат берилди.