Песков Эрдогандын Путин менен Зеленскийди чакыруусуна баа берди

Президент Режеп Таййип  Эрдогандын Владимир Путин менен Владимир Зеленскийди Түркияга чакыруусу Россияда ыразычылык менен кабыл алынды.

1765245
Песков Эрдогандын Путин менен Зеленскийди чакыруусуна баа берди

Президент Режеп Таййип  Эрдогандын Россия менен Украинанын ортосундагы маселелерди чечүү үчүн Россиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийди Түркияга чакыруусу Россияда ыразычылык менен кабыл алынды.

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков журналисттердин  Эрдогандын Россия менен Украинанын ортосундагы чыңалууну токтотуу үчүн Путин менен Зеленскийди Түркияга чакырганы тууралуу суроосуна жооп берди.

Песков Россия менен Украинанын ортосундагы негизги пикир келишпестиктин Киевдин Минск келишимдерин ишке ашырууну токтотуусу экенин айтып : «Украинадагы абалды жөнгө салууга жардам бере  турган өлкөнүн аракеттерин ыраазычылык менен кабыл алабыз»,- деди.

Украинадагы абалдын бир топ чыңалгандыгына көңүлдөрдү бурган Песков бул өлкөгө курал – жарак жөнөтүлгөндүгүн, аскердик маневрлардын жасалгандыгын жана НАТО менен Батыш Европа өлкөлөрүнүн учактарынын бул өлкөдө учуларды аткарганын көргөндөрүн белгилеп : «Мунун баары Украинанын айланасында чыңалууну жаратууда»,- деди. Песков өзгөчө жакынкы күндөрдө АКШдан келе турган коопсуздук кепилдиги боюнча кат жүзүндө жооп ала тургандыктарын билдирди.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын  президент Эрдогандын Россия менен Украинанын ортосундагы маселелерди чечүү үчүн Путин жана Зеленский менен сүйлөшкөнүн айтып : «Эрдоган каалашса экөөсүн тең Түркияга келүүгө, араларындагы маселелерди жана пикир келишпестиктерин чечүү үчүн жыйын өткөрүүгө чакырды. Түркия Россия менен Украинанын ортосундагы чыңалууну азайтуу үчүн  ойной ала турган бардык ролду ойногонго даяр. Муну Россиянын жана Украинанын досу, НАТО союздашы катары жасап жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар