Түркия Афганистанга көңүл айтты

Түркия Афганистандын Бадгис облусунда болгон жер титирөөдө каза болгондор үчүн көңүл айтты.

1764373
Түркия Афганистанга көңүл айтты

Түркия Афганистандын Бадгис облусунда болгон жер титирөөдө каза болгондор үчүн көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Афганистандын батышындагы Бадгис облусунда болгон жер титирөөдө каза болгондордун, көп сандаган жаралангандардын жана үйлөрдүн  зыян тарткандыгы билдирилди.

Билдирүүдө :  «Дос жана боордош афган элине, өзгөчө жер титирөөдө каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтабыз, жабыркагандардын тезирээк айыгып кетишин каалайбыз жана Түркия ар дайым болгондой гуманитардык жардам берүүгө даяр экенин билдиребиз”,- деп белгиленди.  

Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык кызматы 5,3 баллдык жер титирөөнүн эпицентри Афганистандын батышындагы Бадгис  облусунун борбору Кале - и Нев шаарынан 41 километр чыгышта болгонун жарыялады.

Ушул кезге чейин 22 адам каза болгон жер титирөөдө топтордун аймактагы издөө – куткаруу иштери улантылууда.



Тектеш кабарлар