Түндүк Кипр Түрк Республикасына жакын жерде жер титирөө болду

Жер титирөөнүн күчү 6,4 баллга жеткендиги билдирилди.

1760494
Түндүк Кипр Түрк Республикасына жакын жерде жер титирөө болду

Жер Ортолук деңизинде Кипр аралында күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөө болду.

Апаат жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу (АФАД) төрагалыгынын интернет сайтындагы маалыматка караганда, Түркия убактысы боюнча саат 04.07де Кипр аралынын түштүк - батышында Жер Ортолук деңизинде күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Деңиздин  5,06 километр тереңдигинде болгон жер титирөөнүн эпицентринин Мерсиндин Анамур районуна болжол менен 134 километдик  алыстыкта ​​экени аныкталды.

Соцтармакта жер титирөөнүн Анталия, Мерсин, Хатай, Адана, Испарта, Бурдур жана Коньяда өзгөчө Кипр аралында сезилгени белгиленди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар Жер Ортолук деңизинде эч бир чыгымдын аныкталбагандыгын билдирди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар