Акар: «Түркиянын бардык тынчтыкчыл мамилесине карабастан Греция мыйзам бузууларын улантууда»

Акар медиа уюмдарынын борбор шаар Анкарадагы өкүлдөрү менен министриликте жолугушкан жыйында күн тартибине байланыштуу билдирүүлөрдү жасап, суроолорго жооп берди.

1759398
Акар: «Түркиянын бардык тынчтыкчыл мамилесине карабастан Греция мыйзам бузууларын улантууда»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Греция менен болгон көйгөйлөрдү тынчтык жолдор жана диалог аркылуу чечүүнү каалашкандарын айтты.

Акар медиа уюмдарынын борбор шаар Анкарадагы өкүлдөрү менен министриликте жолугушкан жыйында күн тартибине байланыштуу билдирүүлөрдү жасап, суроолорго жооп берди.

Греция менен Жер Ортолук деңизде жана Кипрде көйгөйлөр бар экенин эске салган Хулуси Акар бул маселелерди тынчтыкчыл ыкмалар жана диалог аркылуу чечүүнү каалашкандарын айтты.

Грециянын эл аралык укукка карама-каршы келген экспансиячыл мамилесинин уланып жатканын белгилеген Акар, Түркиянын бардык провокацияларга карабастан маселелердин жакшы коңшулук карым – катнаштардын алкагында каралышын жана чечилишин каалаганын баса белгиледи.

Акар Түркиянын бардык тынчтыкчыл мамилесине карабастан Грециянын мыйзам бузууларын улантып жатканын баса белгиледи.

Акар: «Биз НАТОнун ичинде Греция менен союздашпыз. Греция НАТОнун ичиндеги ар кандай өлкөлөр менен союздук келишимдерди түзүүдө, өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюуда. НАТО турганда булардын эмне кереги бар? Кимге каршы куралдануу болуп жатат? Өздөрүнчө эле бойлорунан ашкан дооматтарды коюп алып ошого умтулуп жатышат. Альянстын ичиндеги альянс НАТОну алсыратат»,-деп айтты.

Хулуси Акар террор менен күрөшүүгө да токтолуп, акыркы террорист жок кылынмайынча күрөш улана турганын билдирди.

Акар 2015-жылдын 24-июлунан бери Сириянын түндүгү менен кошо 33 миң 275 террористтин, 2021-жылдын 1-январынан бери болсо 2 миң 795 террористтин жок кылынганын айтты.

2016-жылы Сириянын түндүгүндө башталган жана ийгиликтүү улантылган «Зайтун бутагы» (2018), «Тынчтык булагы» (2019) жана «Жаз калканы» (2020) операциялары менен террор коридорунун ыдыраганына көңүл бурган Акар: «Террорчулар ошол жерде өздөрү казган кудуктарга көмүлдү»,-деп баса белгиледи.



Тектеш кабарлар