Түркия эпидемия менен күрөшүүдө 160 өлкөгө жардам берди

Саламаттыкты сактоо министрлиги TURKOVAC улуттук вакцинасынын 3 - фаза изилдөөлөрүн жүргүзүү үчүн 9 өлкө менен сүйлөшүүлөрдү улантууда.

1757582
Түркия эпидемия менен күрөшүүдө 160 өлкөгө жардам берди

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигинде  160 өлкө жана 14 эл аралык мекеменин эпидемия менен күрөшүнө медициналык каражаттар  боюнча жардам берилди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги, Улуттук коргоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин башкармалыгы ТИКА, Түрк Кызылайы жана коомдордун жардамы менен араларында АКШ, Германия, Кытай Эл Республикасы, Британия, Италия, Испания, Россия, Норвегия, Нигерия, Мексика жана Сомали болгон  131 өлкөгө жардам берилди.

Эпидемия мезгилинде министрлик тарабынан жардам берилген эл аралык мекемелер төмөнкүлөр : Бириккен Улуттар Уюмунун  гуманитардык координациялоо бюросу OCHA, БУУнун Балдар фонду ЮНИСЕФ, Кариб коомчулугу CARICOM Борбордук Американын интеграциялык уюму SICA, НАТО, Ислам өнүктүрүү банкы, Чыгыш Африкадагы 8 мамлекет, Өнүгүү боюнча өкмөттөр аралык орган IGAD, Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму ДССУ, PAF, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУ, Кызыл Жарым Ай Коомдор Федерациясы IFRC, БУУнун Палестиналык Качкындар Агенттиги UNWRA, Африка Биримдиги жана Дүйнөлүк Банк.

Бул жардамдар медициналык каражаттар жана приборлор гранты (коргоочу каражаттар, диагностикалык комплект, дары-дармектер, респираторлор), акчалай жардам жана сатып алууга/экспорттоого уруксат түрүндө ишке ашырылган.

Гранттардын арасында Түндүк Кипр Түрк Республикасында  Түркия тарабынан курулган, президент Р. Т. Эрдоган тарабынан 2020 -  жылы 15 -  ноябрда ачылган 100 орундуу эпидемия ооруканасы да бар.

Мындан тышкары, президент Эрдогандын көрсөтмөсү менен 2021 - жылдын 21 - апрелинде Албанияда да  Түркия - Албания достук ооруканасы ачылып, кызмат кыла баштады.

Министрлик TURKOVAC улуттук вакцинасынын 3 - фаза изилдөөлөрүн жүргүзүү үчүн 9 өлкө менен сүйлөшүүлөрдү улантууда.

Вакцина карталарын өз ара таанууга байланыштуу 50 өлкө менен да кызматташуу иштери жүргүзүлүүдө.

Министрлик 11 өлкөгө да вакцина жардам берди. Ушуга караганда Түндүк Кипр Түрк Республикасына 543 330 доза, Кыргызстанга 160 800 доза, Өзбекстанга 200 000 доза, Ливия менен Түркмөнстанга 150 000 дозадан, Черногорияга 100 000 доза, Молдовага 70 000 доза, Сенегал жана Туниске 50 000 дозадан, Босния – Герцеговинага 40 000 доза, Түндүк Македонияга 30 000 доза вакцина жардам берди.

Вакцина талап кылган башка өлкөлөр төмөнкүлөр : Албания, Косовао, Сирия, Палестина, Мовритания, Мальдивлер, Намбия, Монголия, Грузия, Лесото, Ирак (Ирактын Күрт аймактык өкмөтү), Непал, Мадагаскар.



Тектеш кабарлар