Эрдоган менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү

Орусиянын президенттик (Кремль) сарайынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Эрдоган менен Путиндин телефон сүйлөшүүсүндө аймактык жана эл аралык маселелер талкууланды.

1755767
Эрдоган менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү
putin ve erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө Түркия-Орусия карым – катнаштарын жакшыртуу кадамдары талкууланды.

Сүйлөшүүдө аймактык маселелер жана өзгөчө Кавказ, Сирия жана Ливиядагы эл аралык окуялар талкууланды.

Сүйлөшүүдө эки лидер Түркия менен Орусиянын ортосундагы кызматташтыкты бардык тармактарда алдыга жылдыруу боюнча чечкиндүүлүктөрүн дагы бир жолу баса белгилешти.

Орусиянын Президенттик (Кремль) сарайынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта телефондогу сүйлөшүүдө ар түрдүү аймактык темалардын сөз кылынганы, Орусиянын Америка Кошмо Штаттарына жана НАТОго ар кандай коопсуздук кепилдиктерине байланыштуу сунуштарынын каралганы билдирилди.

Ал эми эки лидердин Орусия менен Түркиянын ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү активдештирүү ниетин кайталаганы белгиленди.



Тектеш кабарлар