BiPти колдонуучулардын саны өстү

BiPтин 2021-жылга карата өсүү көрсөткүчтөрү жарыяланды.

1755166
BiPти колдонуучулардын саны өстү

Түрк инженерлери тарабынан иштелип чыккан тез кабарлашуу тиркемеси BiPти активдүү колдонуучулардын саны чет өлкөдө 4,5 эсеге өстү.

BiPтин 2021-жылга карата өсүү көрсөткүчтөрү жарыяланды.

Билдирүүдө дүйнөнүн 192 өлкөсүндө колдонулган тиркеменин жыл ичинде 90 миллиондон ашуун жолу жүктөлүп алынганы белгиленди. Түркияда активдүү колдонуучулардын саны мурунку жылга салыштырмалуу эки эсеге өскөндүгү маалымдалды.

Билдирүүдө өзгөчө Индонезия, Бангладеш, Индия, Пакистан жана Малайзия сыяктуу калкы көп өлкөлөрдөгү ийгилиги менен көңүлдөрдү бурган тиркеменин активдүү колдонуучуларынын саны болсо 4,5 эсеге өскөндүгү кабарланды.



Тектеш кабарлар