Эрдоган Пиринкаялар туннелинин ачылышында сөз сүйлөдү

Президент Эрдоган Эрзурумда Түркияны Кавказия менен байланыштыра турган Пиринкаялар тоннелинин ачылыш аземине Президенттик комплекстен түз байланыш аркылуу катышты.

1754318
Эрдоган Пиринкаялар туннелинин ачылышында сөз сүйлөдү

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын өнүгүшү жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн арасында жаңы жана заманбап өнүгүү инфраструктурасына ээ мамлекет катары алдыга чыккандыгын айтты.

Президент Эрдоган Эрзурумда Түркияны Кавказия менен байланыштыра турган Пиринкаялар туннелинин ачылуу аземине Президенттик комплекстен түз байланыш аркылуу катышты.

«Пиринкаялар туннелинин аймагыбыз үчүн пайдалуу болушун каалаймын»,- деген Эрдоган : «(Туннель) Байланыш жолу менен бирге жалпы узундугу 3, 4 километрге жакындаган бул долбоор Эрзурум  -  Артвин ортосундагы трафиктин тез, коопсуз жана үзгүлтүксүз болушун камсыздайт. Көмүртек чыгарууну азайтуу менен экологияны  коргоого салым кошот, ошондой эле өлкөбүз үчүн 18 миллион лирага жакын үнөмдөлөт. Туризм потенциалы жогору Эрзурум менен Артвиндин ортосундагы жол жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келет. Эки шаар аркылуу Кавказияга транзиттик жүк ташуу да жеңилдейт»,- деди.

Максаттарынын Түркияны дүйнөнүн эң чоң 10 экономикасынын бири кылуу жана глобалдык башкаруу системасында дагы таасирдүү сөз ээ болуу экенин баса белгилеген Эрдоган: «Түркия өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ичинен эң жаңы жана заманбап өнүгүү инфраструктурасына ээ мамлекет катары алдыга чыгаруу»,- деди.



Тектеш кабарлар