Улуттук коргоо министри Сараево университетинде студенттер менен жолугушту
Түркиянын Балкандарда тынчтык жана бейпилдиктин сакталышы үчүн ар тармакта аракет кылганын баса белгилеген Акар: «Өзгөчө Босния - Герцеговинадагы биримдик жана тилектештик бир гана аймак үчүн эмес, бүткүл дүйнө үчүн маанилүү»,-деди.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Босния - - Герцеговинадагы биримдик жана тилектештиктин бир гана аймак үчүн эмес бүткүл дүйнө үчүн маанилүү экенин айтты.
Акар Эл аралык Сараево университетине барып студенттер менен жолугушту.
Түркия менен Босния - Герцеговинанын достук жана бир туугандык байланыштарына таянган карым-катнаш бар экенин белгилеген Акар: «Биздин орток тарыхый жана маданий байланыштарыбыз билим берүү, саламаттыкты сактоо, коргонуу жана соода тармактарында бекем карым-катнаштарды түзүүдө да натыйжалуу»,- деди.
Түркиянын Балкандарда тынчтык жана бейпилдиктин сакталышы үчүн ар тармакта аракет кылганын баса белгилеген Акар: «Өзгөчө Босния - Герцеговинадагы биримдик жана тилектештик бир гана аймак үчүн эмес, бүткүл дүйнө үчүн маанилүү»,-деди.
Акар Босния - Герцеговинадагы ырааттуулук, саясий биримдик жана жеринин бүтүндүгүнүн Түркия үчүн маанилүү экенин айтып : «Дейтон тынчтык келишими (1992-1995-жылдары босниялыктар, сербдер жана хорваттар ортосундагы 100 миң адамдын өлүмүнө алып келген жарандык согушту токтоткон) бардык беренелери менен уланууда, ошондуктан Босния жана Герцеговинадагы саясий кризис мүмкүн болушунча тезирээк бүтүшү керек",- деди.
Министр Акар президент Режеп Таййип Эрдоган баса белгилегендей, тараптар талап кылса Түркиянын ар дайым ортомчулукка даяр экенин белгиледи.
Балкан жана Босния - Герцеговинанын маанисине токтолгон Акар Түркиянын Босния жана Герцеговина сыяктуу дос өлкөлөрдө тынчтык, бакубатчылык жана коопсуздук үчүн колунан келген аракетин жасаганын айтты.