Түркиянын Варшавадагы Элчилигине кол салуу болду
Имараттын алдына келген адам элчиликтин имаратын көздөй 3 даана молотов коктейлин ыргыткан.
1753878

Польшанын борбору Варшавадагы Түркия элчилигине молотов коктейли менен кол салуу болду.
Окуяда адам өмүрүнө зыян келген жок.
Имараттын алдына келген адам элчиликтин имаратын көздөй 3 даана молотов коктейлин ыргыткан. Качууга аракет кылган шектүү полиция жана коопсуздук топтору тарабынан кармалды.
Кырсыктан жабыркагандар жана өмүрүнө зыян келген эч ким болгон жок, 2 кызматтык унаа зыян тартты.
Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.