Шырнакта «Эрен кыш-13» операциясы башталды
Эрен кыш операцияларынын элдин колдоосу менен ишенимдүү жана чечкиндүү түрдө ийгиликтүү уланганы белгиленди.
Шырнакта "Эрен Кыш-13 Габар-Карагечит-Инжелер шейит жандарм аскери Селчук Шахин" операциясы башталды.
Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, жикчил террордук уюм ПККны өлкөнүн күн тартибинен чыгаруу жана аймакта баш калкалаган террористтерди таасирсиз кылуу максатында Шырнактын Жандармерия аймактык командирлиги тарабынан башталган операцияда 516 персонал жана 43 оператиялык десанттан турган команданын тартылганы белгиленди.
Билдирүүдө, өлкөдө террорду толугу менен жок кылуу максатында жүргүзүлгөн Эрен кыш операцияларынын элдин колдоосу менен ишенимдүү жана чечкиндүү түрдө ийгиликтүү уланганы белгиленди.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.