Акар Босния-Герцеговинада жолугушууларын улантууда

Расмий сапар үчүн Босния-Герцеговинанын борбор шаары Сараевого барган Акар Босния-Герцеговинанын коргоо министри Сифет Поджич менен жолугушту.

1753280
Акар Босния-Герцеговинада жолугушууларын улантууда

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Босния-Герцеговинадагы жикчилдиктин эч кимге пайда алып келбегенин, Босния-Герцеговина элин бир бүтүн түрүндө көргөндөрүн белгилеп:«Биз тиешелүү тараптарды акылга сыярлык, акыл-эстүүлүк менен ойлонуп, мүмкүн болушунча кыраакы иш кылууга чакырабыз»,-деди.

Расмий сапар менен Босния-Герцеговинанын борбор шаары Сараевого барган Акар Босния-Герцеговинанын коргоо министри Сифет Поджич менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин экөө биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

Түркия катары Босния-Герцеговинанын ырааттуулугуна жана бүтүндүгүнө чоң маани бергендерин баса белгилеген Акар, Босния-Герцеговинанын Евро-Атлантика мекемелери жана НАТО менен карым-катнаштарын жана интеграциясын колдогондорун баса белгиледи.

Акар:«Биз Босния-Герцеговинадагы сепаратисттик риторика эч кимге пайда алып келбейт деп эсептейбиз. Биз Босния-Герцеговинанын элин бир бүтүн түрүнрдө көрөбүз. Биз кырдаалга кылдат көз салып турабыз. Биз тиешелүү тараптарды акылга сыярлык, акыл-эстүүлүк менен ойлонуп, мүмкүн болушунча кыраакы иш кылууга чакырабыз»,-деди.

Акар Түркия талап кылынса, ортомчулук баш болгон бардык темада өз милдетин аткарууга даяр экенин айтты.

Андан соң Офицер үйүнө барган Акар Босния-Герцеговинанын башкы штабынын төрагасы генерал-лейтенант Сенад Масовичти кабыл алды.

Босния-Герцеговинанын төрагалык кеңешинин мүчөлөрү тарабынан кабыл алынышы пландалган Акар Зеницадагы Түрк өкүлчүлүк делегациясынын төрагалыгына барат. Кийинчерээк Косового бара турган Акарды Коргоо министрлигинде аскердик азем менен тосуп алышат.

Косовонун коргоо министри Арменд Мехаж менен жолугуша турган министр Акардын президент Вйоса Османи тарабынан кабыл алынышы күтүлүүдө.

Косовонун премьер-министри Албин Курти менен да жолугуша турган министр Акар Түркиянын Өкүлчүлүк комитетинин төрагалыгына караштуу кызматкерлер менен да жолугушат.



Тектеш кабарлар