ТРТ Африка телерадио биримдигинин (AUB) ассоциацияланган мүчөсү болду.

ТРТ 3 – Түркия - Африка өнөктөштүк саммитиндеги стендине TRT World, TRT Arabi, TRT Deutsch жана TRT Russian сыяктуу эл аралык каналдары менен катышты.

1749264
ТРТ   Африка телерадио биримдигинин (AUB) ассоциацияланган мүчөсү болду.
Gregoire Ndjaka-Zahid Sobaci AUB1.jpg
Gregoire Ndjaka-Zahid Sobaci AUB.jpg

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси ТРТ Африка телерадио биримдигинин (AUB) ассоциацияланган мүчөсү болду.

ТРТдан берилген маалыматка караганда Африка өлкөлөрү, мамлекет башкаруучуларынын, эл аралык мекемелердин жана Африка Биримдиги Комиссиясынын  катышуусу менен кечээ Стамбулда өткөн 3 – Түркия  -  Африка өнөктөштүк саммитинин негизинде жолугушкан ТРТ жана Африка телерадио биримдигинин жетекчилери ТРТнын орток мүчөлүгүн толуктаган кол коюу аземин өткөрдү.

ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы менен Африка телерадио биримдигинин башкаруучусу Грегуар Нджаканын ортосунда кол коюлган протокол менен ТРТ Европа телерадио берүү биримдиги жана Азия - Тынч океан телерадио берүү биримдигинен кийин дагы бир эл аралык телерадио берүү бирикмесине мүчө болду.

Протокол менен ТРТнын Африка континентиндеги телерадио компаниялары менен тыгыз байланышта болушу жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн түзүүсү максатталууда.

Африкада телерадио берүүнүн бардык аспектилерин өнүктүрүү жана сапаттуу берүүлөр менен Африка континентиндеги өлкөлөрдү колдоо үчүн 1962 -  жылы курулган Африка телерадио биримдиги Африканын чыныгы имиджинин бүткүл дүйнөгө көрсөтүлүшү максатында иштеп жатат.

Ошол эле учурда ТРТ 3 – Түркия - Африка өнөктөштүк саммитиндеги стендине TRT World, TRT Arabi, TRT Deutsch жана TRT Russian сыяктуу эл аралык каналдары менен катышты.



Тектеш кабарлар