ЕБнен Түркия тууралуу билдирүү

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдүн ЕБ иштери боюнча министрлери жылдын акыркы Жалпы иштер кеңешинин жыйыны үчүн чогулушту.

1747650
ЕБнен Түркия тууралуу билдирүү

 Европа Биримдиги Түркия менен ачык жана чын ыкластуу диалогду улантуу жана миграция, саламаттыкты сактоо, климат, терроризм менен күрөшүү жана аймактык маселелер сыяктуу орток кызыкчылык болгон тармактарда кызматташууга чечкиндүүлүгүн баса белгиледи.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдүн ЕБ иштери боюнча министрлери жылдын акыркы Жалпы иштер кеңешинин жыйыны үчүн чогулушту.

Министрлер 16-декабрда боло турган ЕБ лидерлер саммитине даярдыктарды көрүштү, ЕБнин 2022-жылдагы күн тартибин талкуулашты жана Биримдиктин кеңейүүсүнө байланыштуу акыркы абалды баалашты.

Жолугушуудан кийин жарыяланган жыйынтык билдирүүсүндө Түркияга байланыштуу баа берүүлөргө да орун берилди.

Европа Биримдигинин Түркия менен кызматташтык жана өз ара пайдага негизделген карым-катнашты өнүктүрүүнү каалаганы эске салынган билдирүүдө : «Түркия талапкер өлкө статусун сактап, орток кызыкчылыктын көп тармагында негизги өнөктөш болууну улантууда»,деп айтылган.

Билдирүүдө Европа Биримдиги Кеңешинин Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги чыңалуунун басаңдашынан канааттангандыгын билдирип, мунун сакталышынын маанилүүлүгүн баса белгилеп, ЕБнин Түркия менен орток кызыкчылыктуу тармактарда акырындык менен, пропорционалдуу жана кайра кайтарылуучу карым-катнашты түзүүгө даяр экенин эскертти.

Билдирүүдө төмөнкүдөй билдирүүлөр камтылган: «Кеңеш ачык жана чын ыкластуу диалогду колдоого, жалпы маселелерди чечүүгө жана миграция, коомдук саламаттыкты сактоо, климат, терроризмге каршы күрөш жана аймактык маселелер сыяктуу жалпы кызыкчылык чөйрөсүндө кызматташууга умтулат».



Тектеш кабарлар