Министр Муш Түркия - Азербайжан - Грузия иш форумуна катышты

Соода министри Мехмет Муш Грузия жана Азербайжан менен экономикалык жана соода карым  - катнаштарын жогорку деңгээлге чыгаруу тууралуу керектүү болгон бардык кадамды таштоодо чечкиндүү экендерин айтты.

1747513
Министр Муш Түркия  -  Азербайжан  -  Грузия иш форумуна катышты

Соода министри Мехмет Муш Грузия жана Азербайжан менен экономикалык жана соода карым  - катнаштарын жогорку деңгээлге чыгаруу тууралуу керектүү болгон бардык кадамды таштоодо чечкиндүү экендерин айтты.

Муш Азербайжандын борбор шаары Бакудагы Конгресс борборунда өткөрүлгөн «Түркия – Азербайжан - Грузия 6 -иш форумунда» сөз сүйлөдү.

Түркия, Азербайжан жана Грузиянын Түштүк Кавказдагы геостратегиялык абалы менен дүйнөнүн энергетика жана логистикалык жолдорунун борборунда экенине көңүл бурган Муш, бул үч өлкөнүн потенциалынын эң жакшы колдонулушу жана кызматташтыктын арттырылышы керектигин айтты.

Муш : "Дагы бир жолу баса белгилегим келет, Түркия катары Грузия жана Азербайжан менен экономикалык жана соода карым - катнашыбызды максималдуу жогорулатуу үчүн бардык керектүү кадамдарды жасоого чечкиндүү жана даярбыз. Түркия катары биз Азербайжандын да, Грузиянын да эң маанилүү соода өнөктөштөрүнүн бири болуудан сыймыктанабыз»,- деди.

Министр Муш «Түркия – Азербайжан - Грузия 6 - иш форумунан» кийин Азербайжандын Экономика министри Микайил Каббаров жана Грузиянын Экономика жана туруктуу өнүгүү министри Натия Турнава менен биргелешкен пресс  -  жыйын өткөрдү.

Түркиянын  2020 - жылы Азербайжандын экспортунда да, импортунда да экинчи орунда экендигин белгилеген Муш  : «Грузиянын импортуна келсек, Түркия 2007 - жылдан бери биринчи орунду ээлеп, эң маанилүү соода өнөктөшү болуп келди. Биздин өлкө Грузиянын 2020 - жылдагы экспортунда 4 – орунда».



Тектеш кабарлар