Түркиядан Италияга көңүл айтылды

Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат жарыяланды.

1746613
Түркиядан Италияга көңүл айтылды

Түркия Италиянын Сицилия аралында жаратылыш газынын жарылуусунан каза болгондор үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Сицилия аралынын Равануса шаарчасында жаратылыш газынын жарылуусунун натыйжасында көп сандаган имараттын урап түшкөнү жана урандылардын астында калгандарды издөө-куткаруу иштеринин кайгыруу менен угулганы билдирилди.

Билдирүүдө, «Бул каргашалуу окуяда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына кайрат айтабыз, жарадар болгондордун тезирээк сакайып кетишин тилейбиз жана дос жана шериктеш Италиянын өкмөтүнө жана элине көңүл айтабыз»,-делди.

Италия басмасы Сицилия аралынын Равануса шаарында кечээ эртең менен болгон жаратылыш газынын жарылуусунан 7 кишинин каза болгонун, 3 үйдүн урап, 3 үйдүн зыян тартканын жарыялады.

Жарылуудан урандылардын астында калган 7 адам менен байланыш үзүлгөн.



Тектеш кабарлар