Коммуникация башкармалыгы тарабынан уюштурлган стратегиялык коммуникация саммити башталды

Саммиттин ачылышында Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун да сөз сүйлөдү.

1746090
Коммуникация башкармалыгы тарабынан уюштурлган стратегиялык коммуникация саммити башталды

 Президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан уюштурулган жана эки күнгө созула турган Эл аралык стратегиялык коммуникация саммити башталды.

Стамбулдагы Халич Конгресс Борборунда өткөрүлгөн, стратегиялык коммуникация чөйрөсүнө форма берген лидер бир платформа болууну максат кылган саммит, стратегиялык байланыш тууралуу дүйнөнүн төрт тарабынан өз тармагында адис ысымдарды жолугуштурат.

Президент Р. Т. Эрдоган видео билдирүү менен катыша турган саммиттин ачылышында Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун да сөз сүйлөдү.

Жаңы байланыш каражаттары менен калыптанган бул кибер дүйнөдөгү эң чоң жоопкерчиликтердин биринин социалдык медиа компаниялары экенин айткан Алтун : «Биз бул компаниялардын системалуу жалган маалымат кампанияларынан жана манипуляциялык мазмундан улам келип чыккан маданий кыйроолоруна үнсүз калууну каалабайбыз. Тилекке каршы, бул компаниялар айтылып келген кол тийбестиктен пайдаланышууда»,- деди.

Алтун : «Акыркы жылдарда айрым өлкөлөрдө болуп жаткан каршылыктар, бул социалдык медиа платформаларынын «жалган кабарларды алдыга чыгарган», «коомду уюлдаштыруучу» жана ал түгүл «радикалдаштырууга жол ачкан» таасирин көрсөттү»,- деди.

Академия, аналитикалык борборлор, коомдук сектор, медиа, жеке сектор, бейөкмөт уюмдар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катыша турган саммитте 23 башка өлкөдөн жалпы 121 баяндамачы жана 3000ден  ашуун конок жолугушат. Саммитте коммуникация стратегияларын жетектеген көптөгөн өлкөнүн бюрократтары өз тажрыйбаларын бөлүшөт.



Тектеш кабарлар