Эрдоган: «Быйыл биздин өсүү темпибиз эки орундуу сандарды көздөй баратат»

Президент Эрдоган Президенттик кабинет жыйынынан кийин билдирүү жасады.

1744855
Эрдоган: «Быйыл биздин өсүү темпибиз эки орундуу сандарды көздөй баратат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясында глобалдык экономика 3,4 пайызга кыскарган былтыр Түркиянын өсүү темпи 1,8 пайыз болгонун баса белгилеп: «Быйыл биздин өсүү темпибиз эки орундуу сандарды көздөй баратат»,-деди.

Президент Эрдоган Президенттик кабинет жыйынынан кийин билдирүү жасады.

Түркияны 19 жылдан бери тең укуктуулукка таянган демократия жана өнүгүү түшүнүгү менен башкарып келе жатышканын, өлкөнүн куткаруусун глобалдык кызыкчылык топторунун башкарууcунун көрсөтмөлөрүндө эмес, инвестицияда, жумуш менен камсыз кылууда, өндүрүштө, экспортто жана күндөлүк баланстын ашыкчасында көргөндөрүн белгилеген Эрдоган:«Биздин максат – туруктуу өндүрүш, туруктуу жумуш жана туруктуу бакубаттуулук менен камсыз кылуу. Өнөр жай мүмкүнчүлүктөрүбүздү ылдам өнүктүрүп жаткан кезде төмөн пайыздык жана тең салмактуу курс менен өндүрүштү жана иш менен камсыз кылууну этап-этабы менен алдыга жылдырабыз»,-деди.

«Катар менен саясий, аскердик, соода, экономикалык жана маданий маселелерди камтыган жалпы 84 меморандумга кол коюу менен кызматташуубузду тынымсыз алга жылдырдык»,-деп айткан Эрдоган, Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) менен баштаган жаңы доорду дагы да уланта тургандарын айтты.

Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясында глобалдык экономика 3,4 пайызга кыскарган былтыр Түркиянын өсүү темпи 1,8 пайыз болгонун баса белгилеген Эрдоган: «Быйыл биздин өсүү темпибиз эки орундуу сандарды көздөй баратат»,-деди.



Тектеш кабарлар