Эрдоган: «Ковид-19 эпидемиясы дүйнөлүк системадагы адилетсиздикти дагы бир жолу көрсөттү»

Президент Эрдоган, Эл аралык кызматташтык платформасы тарабынан уюштурулган 12-Босфор саммитине жөнөткөн билдирүүсүндө акыркы 2 жылдан бери бүткүл адамзат менен бирге Түркияны да таасирленткен жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясына токтолду.

1743580
Эрдоган: «Ковид-19 эпидемиясы дүйнөлүк системадагы адилетсиздикти дагы бир жолу көрсөттү»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, тарыхтын эң чоң саламаттык сактоо кризистеринин бири болгон жаңы типтеги коронавирус эпидемиясында эл аралык коомчулуктун жакшы сыноо бере албаганын айтты.

Президент Эрдоган, Эл аралык кызматташтык платформасы тарабынан уюштурулган 12-Босфор саммитине жөнөткөн билдирүүсүндө акыркы 2 жылдан бери бүткүл адамзат менен бирге Түркияны да таасирленткен жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынын дүйнөлүк системадагы адилетсиздикти дагы бир жолу көрсөткөнүн белгиледи.

Тарыхтагы эң чоң саламаттык сактоо кризистеринин бири болгон эпидемия процессинде эл аралык коомчулуктун, өзгөчө өнүккөн өлкөлөрдүн жакшы сыноо бере албаганын баса белгилеген Эрдоган: «Бул процессте биз улуу адамзат үй-бүлөсүнүн бир мүчөсү да коопсуз болбосо, эч кимибиз өзүбүздү коопсуз сезе албасыбызды көрдүк. Биз интроверттүүлүк, чек араларыбызды тосуу жана чек арабыздын тышында болгон нерселерге көз жумуу менен көйгөйлөрдөн кутула албайбыз. Бул ачуу чындык, өзгөчө тартипсиз миграция жана терроризмге каршы күрөштөн тартып, экономикадан коопсуздукка чейин, билим берүүдөн саламаттыкты сактоого чейин көптөгөн тармакта өзүн таңуулоодо»,-деди.

Түркия катары бул түшүнүк менен көптөн бери «Дүйнө бештен чоң» деп айтуу менен адамзаттын тагдыры 5 гана өлкөнүн ырайымына калтырылбашы керектигин баса белгилегендерин айткан Президент: «Биз сындап эле тим болбостон, «Адилеттүү дүйнө мүмкүн» деген ишеним менен көйгөйлөрдү чечүү жолдорун сунуштайбыз. Акыркы мезгилдеги экономикадагы күрөшүбүздү мунун толуктоочу бөлүгү катары карайбыз. Пайызга таянган түшүнүктүн ордуна инвестиция, жумуш менен камсыздоо, өндүрүү жана экспортко негизделген жаңы экономика модели аркылуу өнүгүү, жыргалчылык, киреше адилеттүүлүгү жана туруктуу өсүштү жакшыраак ишке ашырабыз деп ишенебиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар