Түрк Кызылайы Беларусия - Польша чек арасына жардам жиберди

Жардам материалдарынын баары Кызылай логистикалык фирмасынын уюштуруусу менен аймакка алып барылары, талапка жараша кандай колдонуунун пландалары белгиленди.

1742893
Түрк Кызылайы  Беларусия  -  Польша чек арасына жардам жиберди

Түрк Кызылайы Беларусия-Польша чек арасындагы качкындарга бир фура гуманитардык жардам жиберди.

Түрк Кызылайынан берилген маалыматта Беларусияга жиберүү үчүн ичинде жылыткыч, жууркан, жаздык жана жеке коргонуучу мартериалдар болгон жардам  ташыган фуранын Стамбулдан жолго чыккандыгы билдирилди.

Жардам материалдарынын баары Кызылай логистикалык фирмасынын уюштуруусу менен аймакка алып барылары, талапка жараша кандай колдонуунун пландалары белгиленди.

Узатуу аземине Түрк Кызылайынын башкы директорунун орун басары Алпер Күчүк жана Ибрахим Зер менен бирге Эл аралык Кызыл Крест жана Кызылайкоомдору федерациясынын башкы катчысы Жаган Чапагайн менен федерациянын Европа директору Биргитте Бишофф Эббесен да катышты.



Тектеш кабарлар