"Эрен кыш - 10" операциясы башталды
Бул тууралуу ички иштер министрлиги маалымат берди.
Агры, Эрзурум жана Карста "Эрен кыш - 10" Чемче - Мадур жандармериянын шейит капитаны Ферхат Чифтчи операциясы башталды.
Ички иштер министрлиги берген маалыматта ПКК жикчил террордук уюмун өлкөнүн күн тартибинен чыгаруу жана аймакта бар экендиги аныкталган террористтерди жок кылуу максатында Агры, Эрзурум жана Карста жүргүзүлгөн операцияда Эрзурум жандармерия аймактык командирлигинин башкаруусу астындагы жандармерия десанттыгы, жандармериянын атайын кыймыл жана коопсуздукту коргоо күчтөрүнөн турган 790 персонал менен 70 команданын катышкандыгы маалымдалды.
Маалыматта : "Өлкө ичинде террорду толугу менен жок кылууга карата жүргүзүлгөн Эрен кышкы операциялары элибиздин колдоосу менен ишенимдүү жана чечкиндүү түрдө улантылууда",- деп билдирилди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.