Ноябрда 169 террорист жок кылынды

Быйылкы жылдын башынан бери таасирсиз абалга келтирилген террористтердин санынын 2 миң 529 болгонун билдирди.

1740798
Ноябрда 169 террорист жок кылынды

Ноябрь айында 169 террорист жок кылынды.

Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) ноябрь айында жүргүзүлгөн 61 операцияда 169 террористтин жок кылынганын, быйылкы жылдын башынан бери таасирсиз абалга келтирилген террористтердин санынын 2 миң 529 болгонун билдирди.

Министрликтин басма сөз жана коомчулук менен байланыштар боюнча кеңешчилигинин пландоо кызматкери майор Пынар Кара тарабынан «Шейит журналист Хасан Тахсин» атындагы маалыматтандыруу борборунда маалымат жыйын өткөрүлдү.

Пынар Кара жыйындагы билдирүүсүндө: «Ноябрда чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган 51и террорист жалпы 756 киши кармалса, 24 миң 118 адам чек арадан өтүүгө үлгүрбөй тосулду. Греция 2021-жылдын башынан бери аскердик деңиз жана учактар менен расмий эмес статустагы аралдарга карай 2 миң 321 мыйзам бузууну кылды»,- деди.

Пынар Кара да өз билдирүүсүндө: «Ливияда жана Түркияда бүгүнкү күнгө чейин Ливиянын Куралдуу күчтөрүнүн 6 миң 799 кызматкери окутулду, 974 персоналын окутуу болсо уланууда»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар