Мустафа Шентоп Варшавага кетти

Польша парламентине (Сейм) барып  жана кесиптеши Элзбиета Витек менен жолугуша турган Шентоп, Польшанын президенти Анджей Дуда тарабынан кабыл алынат.

1741049
Мустафа Шентоп Варшавага кетти

Түркия Улуттук Пароалментинин спикери Мустафа Шентоп коштоосундагы парламенттик делегация менен Польшанын борбор шаары Варшавага кетти.

Польша парламентине (Сейм) барып  жана кесиптеши Элзбиета Витек менен жолугуша турган Шентоп, Польшанын президенти Анджей Дуда тарабынан кабыл алынат.

Польша Сенатынын төрагасы Томаш Гродзки менен да жолугуша турган Шентоп, Сеймдин төрагасы Витектин өзү жана  коштогон парламент делегациясынын урматына бере турган  кечки сый тамакка катышат.

Түркия  Улуттук  Парламентинин спикери Шентоп сапарынын акыркы күнүндө Польша - Түркия ишкерлер коомунун (POTİAD) жана Түркия - Польша маданий тилектештик коомунун (TÜRKPOL) өкүлдөрүн өз - өзүнчө кабыл алат.



Тектеш кабарлар