ПККдан качкан эки террорист багынып берди

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, террордук уюм ПККдагы таркоо уланып жатат.

1739655
ПККдан качкан эки террорист багынып берди

Жикчил террордук уюм ПККдан качкан дагы эки террорист ынандыруу жолу менен багынып берди.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, террордук уюм ПККдагы таркоо уланып жатат.

Министрликтин координациясында жүргүзүлгөн ынандыруу иштеринин натыйжасында ПККдан качкан дагы 2 террорист коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Багынган террористтердин 2015 жана 2017-жылдары террордук уюмга кошулуп, Сирия жана Иракта жүргөндөрү аныкталды.

Үстүбүздөгү жылы ынандыруу аракеттеринин негизинде багынып берген уюмдун мүчөлөрүнүн саны 182ге жетти.



Тектеш кабарлар