Кожа: «Түркияда омикрон варианты катталган жок»

Фахреттин Кожа социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

1739757
Кожа: «Түркияда омикрон варианты катталган жок»

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа, коронавирустун (Ковид-19) Ну (омикрон) вариантынын Түркияда табылбаганын билдирди.

Фахреттин Кожа социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүсүндө: «Ар кайсы өлкөлөрдө пайда болгон варианттарга байланыштуу жагдайга көз салып, өлкөбүздүн сырт менен байланышы боюнча чара көрүп жатабыз. Күн тартибинде турган Ну (омикрон) вариантына каршы эң эрте чараларды көргөн өлкөлөрдүн катарына киребиз. Түркияда кеңири таралган вариант Delta варианты. Nu варианты табылган жок»,-деди.



Тектеш кабарлар