Словакиялыктардын Муглага болгон кызыгуусу артууда

Словакиялык туризмчи Милко коронавирус (Ковид-19) пандемиясына каршы чаралардын Түркияда абдан жакшы аткарылганын айтты.

1738104
Словакиялыктардын Муглага болгон кызыгуусу артууда

Словакиянын эң чоң тур операторлорунун бири Hydro Tur компаниясынын ээси Микулас Милко 8 журналист жана 180 өкүл менен Мугланын Даламан районуна келди.

Словакиялык туризмчи Милко коронавирус (Ковид-19) пандемиясына каршы чаралардын Түркияда абдан жакшы аткарылганын айтты.

Түркиянын сапатынан эч кандай шек санабагандарын баса белгилеген Милко: «Бардык мейманкана ээлери жана тармактын берки кызматкерлери өз иштерин абдан жакшы билишет. Алар пандемияга каршы чаралардан баш тартышкан жок. Менимче биз кийинки сезондо кардарларыбызды канааттандырабыз. Түркия Словакияда эң белгилүү жер. Алар көбүнчө Антальяга келип эс алышууда. Биз үчүн Түркиянын Эгей деңизинин жээги да абдан маанилүү. Ошондуктан Измирге учактарыбыз бар. Келерки жылдан тарта Даламанга толук чартердик каттамдарды баштайбыз. Ушул алкакта биз бул жерге туристтик агенттиктин өкүлдөрү жана журналисттер тобу менен келдик»,-деп айтты.

Максаттарынын бул аймакты таанытуу жана Муглада өсүү экенин баса белгилеген Милко, муну шаардагы жергиликтүү өнөктөштөрү менен бирге ишке ашыра турганына ишенгендерин билдирди.



Тектеш кабарлар