БАЭ менен Түркиянын ортосунда бир канча келишим түзүлдү

Мураскор канзаада бин Заид президент Эрдоган тарабынан Президенттик комплексте расмий азем менен тосуп алынды.

1738195
БАЭ менен Түркиянын ортосунда бир канча келишим түзүлдү
bin Zayid Erdoğan Abu Dabi.jpg

Бириккен Араб Эмирликтеринин мураскор канзаадасы шейх Мохаммед бин Заид Аль Нахайян президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга расмий сапар менен келди.

Мураскор канзаада бин Заид президент Эрдоган тарабынан Президенттик комплексте расмий азем менен тосуп алынды.

Бетме-бет жолугушуу өткөргөн президент Эрдоган менен бин Заид делегациялар ортосундагы жолугушуудан кийин келишимдерге кол коюу аземине катышты.

Эки өлкөнүн ортосунда соода, энергетика жана айлана-чөйрө тармагында кызматташтыкты өнүктүрө турган меморандумдарга кошумча Түркияга түз инвестицияны камтыган келишимдерге да кол коюлду.

Президент Эрдоган бин Заиддин урматына расмий сый тамак берет.



Тектеш кабарлар