Түркиянын Аддис-Абебадагы элчилиги бул өлкөдөгү түрк жарандарына чакырык салды

Элчиликтин расмий Твиттер баракчасындагы билдирүү.

1737252
Түркиянын Аддис-Абебадагы элчилиги бул өлкөдөгү түрк жарандарына чакырык салды

Эфиопиядагы кагылышуулардан кийин Түркиянын Аддис-Абебадагы элчилиги бул өлкөдөгү түрк жарандарына чыгып кетүүгө кеңеш берди.

Элчиликтин расмий Твиттер баракчасындагы билдирүүдө: «Эфиопиянын коопсуздук абалынын тез күчөшүнө байланыштуу, өлкөдөгү жарандарыбыздын Эфиопиядан пландуу каттамдар менен чыгып кетүүлөрү сунушталат» деген сөздөр камтылды.

Эфиопиянын өкмөтү 2-ноябрда түштүккө карай жылышын уланткан козголоңчу Тиграй элдик боштондук фронтунун кол салууларынан улам өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Өлкөнүн түндүгүндө бир жылдан ашык убакыттан бери уланып жаткан кагылышуулардын айынан 2,5 миллионго жакын адам жер которду, аймактагы 5 миллиондон ашуун адам болсо чукул жардамга муктаж.



Тектеш кабарлар