Акар Монголиянын коргоо министри менен жолугушту

Акар Түркия-Монголия биргелешкен экономикалык комиссиясынын жыйынынан улам Түркияга келген Гүрседди Улуттук Коргоо министрлигинде аскердик азем менен тосуп алды.

1734245
Акар Монголиянын коргоо министри менен жолугушту

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Монголиянын коргоо министри Сайханбаяр Гүрсед менен жолугушту.

Акар Түркия-Монголия биргелешкен экономикалык комиссиясынын жыйынынан улам Түркияга келген Гүрседди Улуттук Коргоо министрлигинде аскердик азем менен тосуп алды.

Жекеме-жеке жолугушуудан кийин эки министр делегациялар ортосундагы жолугушууга төрагалык кылышты.

Жолугушууда Хулуси Акар Түркия менен Монголиянын ортосунда күчтүү тарыхый жана маданий байланыштар бар экенин, аскердик билим берүү жана коргонуу өнөр жайы тармактарында кызматташтыкты дагы да өнүктүрүү зарылчылыгын, ФЕТӨ менен күрөшүүдө кызматташтыктын маанисин белгиледи.

Жыйындын соңунда улуттук коргоо министри Хулуси Акар жана Монголиянын коргоо министри Сайханбаяр Гүрсед Аскердик тарых, архив, музей жана басма тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.



Тектеш кабарлар