Калын:«Ливиядагы аскерлерибизди жалданма аскерлер менен бирдей кароого болбойт»

Ибрахим Калын катышкан телеберүү программасында Франциянын борбор шаары Париждеги Ливия конференциясына сереп салды.

1733612
Калын:«Ливиядагы аскерлерибизди жалданма аскерлер менен бирдей кароого болбойт»

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын: «Ливиядагы аскерлерибизди жалданма аскерлер менен бирдей кароого болбойт»,-деди.

Ибрахим Калын катышкан телеберүү программасында Франциянын борбор шаары Париждеги Ливия конференциясына сереп салып: «Биз эки өлкөнүн ортосундагы келишим менен ал жакка барган аскерлерибиздин башка жалданма аскерлер менен бирдей таразага коюлганын кабыл албайбыз»,-деди.

Ибрахим Калын Париждеги Ливия конференциясы тууралуу маалымат берип жатып: «Бул жыйналышта чет элдик аскерлерди чыгаруу маселеси түрк армиясы менен байланыштырылууга аракет кылынууда, биз бул жагынан ыңгайсызбыз. Биз Ливия өкмөтү менен түзгөн келишимдин натыйжасында ошол жердебиз. Биздин юридикалык мамилебиз бар. Бул карым-катнаш боюнча биздин аскерлер ал жерде кеңешчилик кылып жатат»,-деди.

Калын : «Ливиянын негизги көйгөйү түрк аскерлеринин ал жерден кетиши эмес. Биздин биринчи тынчсыздануубуз Ливиянын жеринин бүтүндүгү»,-деп айтты.

«Сирияда жаңы операция болобу?»-деген суроого Калын:«Биздин коопсуздук концепциябыз террор коркунучу бар жерде коркунучту жок кылуу»,-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар