Ататүрк көптөгөн өлкөрдө да эскерилди

Улуу жолбашчы урматтоо жана сагынуу менен эскерилди.

1732159
Ататүрк көптөгөн өлкөрдө да эскерилди

Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн өлүмүнүн 83 жылдыгына байланыштуу чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдө да эскерүү аземдери өткөрүлдү. Улуу жолбашчы урматтоо жана сагынуу менен эскерилди.

Ататүрк каза болгонунун 83 жылдыгында чет өлкөлөрдө да эскерилди. Ошол аялдамалардын бири Грециянын Салоники шаары болду. Улуу жол башчы үчүн туулган үйүндө салтанаттуу азем өткөрүлдү.

Ататүрк Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) аземдер менен эскерилди. Борбор калаа Никосияда өткөрүлгөн аземдерге Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар жана мамлекеттик кызматкерлер катышты.

Азербайжандын борбор шаары Бакуда эскерүү аземи өткөрүлдү. Иш-чарага Түркиянын Бакудагы элчиси Жахит Багжы, элчиликтин кызматкерлери, түрк мекемелеринин өкүлдөрү жана түрк окуу жайларынын студенттери катышты.

Саат 09:05теги жымжырттыктан кийин элчиликтин имаратындагы Түрк желеги ылдый түшүрүлдү.

Пакистандын борбор шаары Исламабадда да Ататүрктүн өлүмүнүн 83 жылдыгына карата эскерүү аземи өткөрүлдү.

Исламабаддагы Түркия элчилигинде «10-ноябрь Ататүрктү эскерүү» күнүнүн алкагында өткөрүлгөн аземге элчи Ихсан Мустафа Юрдакул, элчиликтин кызматкерлери жана түрк мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Эскерүү аземдери Түндүк Македониянын борбор шаары Скопье, Казакстандын борбор шаары Нурсултан жана Ирактын Эрбил шаарларында өткөрүлдү. Аземдерде бир мүнөт унчукпай туруу болуп, Мамлекеттик гимн ырдалды.

Кытайдын борбор шаары Пекиндеги аземдин дареги Түркия элчилиги болду. Аземде Улуу жол башчынын өзгөчө көрүнүштөрүнөн турган кыска видеотасма көрсөтүлдү.

Эскерүү аземинин алкагында элчиликтин бакчасындагы Ататүрк бюсту да роза гүлдөрү менен кооздолду.

Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Ататүрк Австралияда да эскерилди.

Аземдер Австралиянын борбору Канберра жана Сидней, Мельбурн жана Брисбен шаарларында өттү.

Брисбендеги азем Ататүрк эстелигинин алдында болду.



Тектеш кабарлар