Моратинос: «Түркия өз аймагында абдан көрүнүктүү актер»

UNAOC Женева кеңсесинин ачылыш программасына тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес, UNAOC жогорку өкүлү Моратинос жана БУУнун Женева кеңсесинин башкы директору Татьяна Валовая да катышты.

1731507
Моратинос: «Түркия өз аймагында абдан көрүнүктүү актер»

Бириккен Улуттар Уюмунун Цивилизациялар Альянсынын (UNAOC) жогорку өкүлү Мигель Анхел Моратинос Түркиянын өз аймагында абдан көрүнүктүү актер экенин айтты.

UNAOC Женева кеңсеси салтанат менен ачылды.

Ачылыш программасына тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес, UNAOC жогорку өкүлү Моратинос жана БУУнун Женева кеңсесинин башкы директору Татьяна Валовая да катышты.

UNAOC Женева кеңсесинин ачылыш максаты тууралуу жогорку өкүл Моратинос мындай деди: «Баш кеңсебиз Нью-Йоркто, бирок биз Европа жана Жакынкы Чыгышка жакын болуп, бул аймактардагы ишмердүүлүгүбүздү күчөтүүнү каалайбыз. Бул багытта антисемитизм жана исламофобия менен күрөшүп, Европада эмне болуп жатканын түшүнүшүбүз керек. Женевадагы кеңсебиз бул багытта ар башка маданияттар жана диндердин өкүлдөрүн  конференцияларда жана тегерек үстөлдөрдө чогулта турган чөйрө болот. Биз БУУга мүчө-мамлекеттер жана БУУ филиалдары менен кызматташуубузду ачык-айкын кылууну каалайбыз»,-деди.

Кеңсенин ачылышына кошкон салымдарынан улам президент Режеп Таййип Эрдоган, тышкы иштер министри Чавушоглу жана Испания өкмөтүнө ыраазычылык билдирген Моратинос, ачылыштан кийин «Инсанлык» кампаниясын башташарын билдирди. «Бул кампания биздин ааламды коргоо үчүн адамзатты сактап калуу зарылдыгын үгүттөйт»,- деди Моратинос.

Түркиянын 2005-жылы түзүлгөн Цивилизациялар альянсынын негизги колдоочуларынын бири экенин баса белгилеген Моратинос, Түркиянын абдан активдүү роль ойногонуна басым жасады.

Моратинос:«Түркия өз аймагында абдан көрүнүктүү бир актер. Түркия менен Испания Чыгыш менен Батыштын ортосундагы көпүрө. Бул эки өлкө аракеттерин бириктирип, бирге жашообуз керек деген билдирүүнү бүт дүйнөгө тарата алат»,-деди.

Моратинос да президент Эрдогандын «Дүйнө 5тен чоң» деген риторикасына кошуларын жана БУУда реформалардын жасалышы керектигин белгиледи.



Тектеш кабарлар