Түркия Эфиопиядагы кагылышуулар тууралуу маалымат берди

Түркия Эфиопияда  күч алган кагылышуунун акырына чыгышы жана тынчтык менен туруктуулуктун орношу үчүн чукул түрдө «ок атышпоого» чакырып, тараптарды диалогго үндөдү.

1730095

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Эфиопияда күч алган кагылышуулардын тынчсыздануу менен иликтенгендиги билдирилди.

Маалыматта : «Өлкөдө зомбулуктун эртерээк акырына чыгышы, тынчтык менен туруктуулуктун орношу үчүн чукул түрдө ок атышпоонун жарыяланышына чакырып, тараптарды диалогго үндөйбүз. Мунун негизинде бардык жардамдарды берүүгө даярбыз»,- деп билдирилди.

Түркиянын Эфиопиядагы бардык этникалык топтор менен тарыхый жана маданий байланыштарга таянган достук карым- катнаштарынын бар экендиги баса белгиленген маалыматта Түркиянын кагылышуулардын башынан бери Тиграй аймагы жана Эфиопияга берген гуманитардык жардамдарынын улантылары билдирилди.

Маалыматта : «Түркия Эфиопияда тынычтык жана туруктуулуктун сакталышына карата аракеттерди колдоону улантат»,- деп белгиленди.

Тектеш кабарлар