Эрдоган Үмрание элдик бакчасынын ачылышына катышты

Президент Р. Т. Эрдоган Түркияны каралоого карата көптөгөн тымызын аракеттерди түз позициясы жана күрөшү менен жеңгендигин айтты.

1730030
Эрдоган Үмрание  элдик бакчасынын ачылышына катышты

 Президент Р. Т. Эрдоган Түркияны каралоого карата көптөгөн тымызын аракеттерди түз позициясы жана күрөшү менен жеңгендигин айтты.

Эрдоган Стамбулда Үмрание  элдик бакчасынын ачылуу аземинде сөз сүйлөп, тейлөөгө ачылган элдик бакчанын терассасы, велосипед жана жөө жүрүүчү жолдору, балдар үчүн оюн парктары, спорттук аянттары, пикник аянттары жана башка көптөгөн өзгөчөлүгү менен баарына жагарын белгиледи.

Эрдоган ушул күнгө чейин 81 облуста 66 миллион метр квадрат аянтка ээ 404 элдик бакчасын долбоорлогондорун белгилеп : «Булардан 111ин аяктап тейлөөгө ачтык. Максатыбыз 2023 -  жылы 404 элдик бакчасынын баарын бүтүрүү»,- деди.

Эң чоң долбоордун Ататүрк аэропортунун аймагында курула турган 7,7 миллион метр квадраттык   улуттук бакча болорун билдирген президент : “Ататүрк аэропортунда кура турган элдик бакча буюрса дүйнөдөгү шаар парктарынын арасында биринчи орунду алат»,- деди.

Стамбулдун материалдык жана руханий байлыктарын бутага алган ар бир кол салууну аткаруучулары менен бирге жердин жети кат астына көмүү милдеттери экендигин баса белгилеген Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты : «Өлкөбүздү каралоого карата көптөгөн тымызын аракетти, түз позициябыз жана күрөшүбүз менен жеңдик».

Инвестиция, өндүрүш жана жумуш менен камсыздоо максаты менен жолдорун уланткандарын белгилеген Эрдоган : «Бул чечкиндүү аракетибиз менен Европа жана дүйнө таң калууда»,- деди.

Дүйнөдөгү климаттык кризиске да токтолгон Эрдоган : «Дүйнөнү климаттык өзгөрүү коркунучу каптаган бир мезгилде биз жашыл өнүгүү төңкөрүшүн жарыялап, жаңы жана ырааттуу жол картасын түздүк»,- деди.



Тектеш кабарлар