Түркия Ооганстандагы кол салууларды айыптады

Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

1728330
Түркия Ооганстандагы кол салууларды айыптады

Түркия Ооганстандын борбор шаары Кабулдагы оорукананын кире беришинде болгон жана көп сандаган адамдын өмүрүн алган жардырууларды айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Кабулдагы Сердар Давуд Хан аскердик ооруканасынын кире беришинде болгон эки бомбалуу кол салууда жана андан кийинки куралдуу кагылышууда көп сандаган кишинин каза болушунун жана жаракан алышынын терең кайгыга салганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Биз бул адамгерчиликсиз террордук кол салууну айыптайбыз, каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болушун тилеп, алардын жакындарына жана ооган элине көңүл айтабыз, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз»,- деген сөздөр камтылды.

Талибандын расмий өкүлү кол салууларда жоготуулар болгонун жана кеминде 20 кишинин жаракат алганын билдирсе, күбөлөр 10дон ашуун адамдын көз жумганын айтышты.



Тектеш кабарлар